Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-августу № 15
Жылалды айылынын Чангет участкасындагы турак жайлардын квартал номерлерин алмаштыруу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылынын Чангет участкасындагы атуулдардын жашап жаткан турак жайлардын квартал номерлерин алмаштыруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1996-жылдары жаратылыш кырсыгынан жабыркап Чаңгет айыл өкмөтүнөн көчүп келип жашап жаткан турак жайлардын квартал номери № 11 болуп туура эмес коюлуп калгандыгына байланыштуу ,Өзгөн райондук архитектура бөлүмүнүн № 01-03-420 21.08.2019-жылдагы тастыкталган аныктаманын негизинде, турак үйлөрдүн квартал номери алмаштырылып берилүүгө макулдук берилсин.
2. 1996-жылдары жаратылыш кырсыгынан жабыркап Чаңгет айыл өкмөтүнөн көчүп келип жашап жаткан турак жайлардын квартал номери № 11 болуп туура эмес коюлуп калгандыгына байланыштуу ,Өзгөн райондук архитектура бөлүмүнүн № 01-03-420 21.08.2019-жылдагы тастыкталган аныктаманын негизинде, турак үйлөрдүн квартал номерин алмаштырылып берүү жагы Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |