Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-августу № 16
Айыл өкмөтүнүн бухгалтердик айлык, кварталдык, жылдык эсеп учетторун так алып баруу максатында 1С-бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча программасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн бухгалтердик айлык, кварталдык, жылдык эсеп учетторун так алып баруу максатында 1С-бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча программасына мамлекет тарабынан атайын базалык система киргизилип жаткандыктан, окуп үйрөнүп,
1С-программасына киргизүү үчүн 120,0( жүз жыйырма ) миң сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бухгалтердик айлык, кварталдык, жылдык эсеп учетторун так алып баруу максатында 1С-бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча программасына мамлекет тарабынан атайын базалык система киргизилип жаткандыктан, окуп үйрөнүп,
1С-программасына киргизүү үчүн 120,0( жүз жыйырма ) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |