Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-сентябры № 17
Анарбаева Базаргүл Абдурахмановнанын жеке турак жайынын 0,14га жеринин багытын өзгөртүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезексиз XV-сессиясынын
күн тартибиндеги Прогресс айылынын күн-чыгыш тарабында жайгашкан, Анарбаева Базаргүл Абдурахмановнанын жеке турак жайынын 0,14 га жер тилкесине160 (жүз алтымыш орундуу балдар бакчасын куруу үчүн жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндөгү 26.10.2018-жылдагы райондук деңгээлде түзүлгөн комиссиясынын изилдөө актысынын негизинде жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прогресс айылындагы Анарбаева Базаргүл Абдурахмановнанын жеке турак жайынын 0,14 га жер тилкесине балдар бакчасын куруу боюнча 26.10.2018-жылдагы Өзгөн райондук деңгээлде түзүлгөн комиссиясынын изилдөө актысынын негизине таянып, Анарбаева Базаргүл Абдурахмановнанын жеке турак жайынын 0,14 га жер тилкесине 160 (жүз алтымыш ) орундуу балдар бакчасын куруу үчүн жер тилкесинин багыты өзгөртүлүп, бекитилип берилсин.
2. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |