Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 2
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу “Сарай Таза Суу ” ИСКАКБ бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу “Сарай Таза Суу” ИСКАКБ бирикмесинин таза сууга болгон абоненттердин төлөмдөрүнүн тарифин жана короосуна уруксатсыз суу түтүктөрүн киргизип алган абоненттерге айып пул салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сарай Таза Суу” ИСКАКБ бирикмесинин бардык абоненттери короосунун ичинен таза суу пайдалангандыгы үчүн, бир жылга бир кожолук 2400 (эки миң төрт жүз) сом, көчөдөн пайдаланган абоненттер ар ай сайын ар бир суу пайдаланган абонент 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин. Тарифтерге өзгөртүү киргизилбесе токтом күчүндө калтырылсын жана антимонополиянын макулдугу жок экендиги белгиленсин.
2. Суу түтүгүн уруксатсыз короосуна киргизүүгө мароторий жарыялансын жана уруксатсыз короосуна суу түтүгүн киргизип алган абоненттерге 10000(он миң) сом айып пул салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э. Арзиев |