Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 4
Сарай айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин кара мал жана кой жылкылары үчүн тарифтерин жана техникаларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин жакынкы жана ортоңку жайыттарга кара мал, кой жана жылкыларды багуу үчүн жана техникаларынын мото саатка тарифтерин бекитүү үчүн кайрылган сунушун угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жакынкы жана ортоңку жайыттарга малдарды багуу үчүн төмөндөгүдөй тарифтер;
Кара мал 150 сом
Жылкы 185 сом
Кой 30 сом өлчөмүндө ар бир мал, жылкы жана койлорго бекитилсин.
2. Эгилген эгиндерди жана чөп чабыктарды мал койлорун карабай жедирип койгон мал жандыктарга;
Кара малга 2000 сом
Жылкыларга 3000 сом
Кой эчкилерге 500 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
3. Жайыт комитетинин техникаларына ;
Атайын техника ( Фронтальный погрузчик ) - 1200 сом, МТЗ Белорус 892,2 - 850 сомдон ар бир мото саатка тарифтер бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин кеңешине тапшырылсын.
Төрага | Э. Арзиев |