Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 7
Комиссия түзүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн билим берүү мекемелериндеги балдардын билим деңгээлин жана бала бакчаларындагы балдар кандай каралып жатат, тамак аш жетишээрлик берилип жатабы, балдар бакчасындагы тарбиячылардын билим деңгээли кандай, мед.айымдары биринча жардам берүүгө деңгээли жетишээрликби жана дары дармектери жетишээрлик камсыздалып, дары дармектерди кармоочу жайы санитардык абалга жооп береби жана ошондой эле айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жаткан курулуштардын сапатын жана сарпталган акча каражатынын максаттуулугун текшерүү максатында депутаттар А.Салимов менен А.Абдырахмановдордун сунуштарын угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айылдык Кеңешинин төмөнкү депутаттары;
А.Салимов Комиссиянын төрагасы
А.Абдырахманов мүчөсү
Н.Көчөбаева мүчөсү
М.Мошонов мүчөсү
Ш.Маткабилов мүчөсү болуп дайындалсын.
2. Бала бакчалардын бардык тармактарын текшерүүдөн өткөрүп, жыйынтыктоочу актысын Сарай айыл өкмөтүнө тапшырышсын.
3. Текшерүүнүн актсы боюнча тиешелүү чараларды көрүү жагы жана аны аткаруу жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э. Арзиев |