Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 1
Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Сарай айыл өкмөтүнүн жеринин балансын даярдаган материалдарынын инвентаризациясын бекитүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Сарай айыл өкмөтүнүн жеринин балансын даярдаган материалдарынын жыйынтыгынын инвентаризациясын бекитип берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Сарай айыл өкмөтүнүн жеринин балансын даярдаган материалдарынын жыйынтыгынын инвентаризациясы бекитилсин.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн инвентаризация мезгилинде түзүлгөн Сарай айыл өкмөтүнүн экспликациясына, Сарай айыл аймагында жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы менен 01.01.2018-жылдагы жер отчетунун салыштырма ведомостуна жана Сарай айыл аймагынын жер фондуна жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын актысынын толук кандуу түзүлгөндүгүнүн мыйзамдуулугу жана жоопкерчилиги Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистерине жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Арзиев |