Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу № 3
Масы айылынын Беш-Жыгач участкасынын тургуну Махаматалиев Исабек жөнүндө
Масы айылынын Беш-Жыгач участкасынын тургуну Махаматалиев Исабек 2018-жылдын 28-июль күнү Россия федерациясынын Санкт-Перетбург шаарында спорттун эр таймаш (ММА) түрү боюнча ROAD FIGHTING CHAMPIONSHIP чемпионатына мелдешке катышып 1-орунду ээлегендиги үчүн материалдык жардам катары сыйлоо максатында Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Жыгач участкасынын тургуну Махаматалиев Исабек 2018-жылдын 28-июль күнү Россия федерациясыны Санкт-Перетбург шаарында спорттун эр таймаш (ММА) түрү боюнча ROAD FIGHTING CHAMPIONSHIP чемпионатына мелдешке катышып 1-орунду ээлегендиги эске алынсын.
2. Махаматалиев Исабек 2018-жылдын 28-июль күнү Россия федерациясыны Санкт-Перетбург шаарында спорттун эр таймаш (ММА) түрү боюнча ROAD FIGHTING CHAMPIONSHIP чемпионатына мелдешке катышып кур утуп алганы үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |