Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 1
Мүлктү муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл –Туу айылындагы мурдагы бала-бакчаны 5360,0 М2 жер тилкеси «AL-TAIR» жоопкерчилиги чектелген коомунун баалаган 962 000 (тогуз жүз алтымыш эки миң) сом баасы менен муниципалдык менчике алынсын.
3. Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл –Туу айылындагы мурдагы бала-бакчаны муниципалдык менчике өткөрүү боюнча иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрага К.Шайымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |