Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 2
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Масы айылынын Навои көчөсүнүн тургуну Т.Абдурахимованын үй бүлөлүк абалын эске алуу менен үйүнүн дубалын сактап жамгыр, каардан сактап калуу максатында үйүнүн чатырын жабуу үчүн акча каражатынан жардам берүүнү сураган, Сай-Маала айылынын тургуну Г.Кырбашованын жолдошу Кырбашов Абдугапардын омурткасын операция кылдыруу үчүн акчалай жардам сураган, Сай-Маала айылынын тургуну М.Кожоевтин уулу Аскаров Азаматтын башындагы өсмөнү биохимиялык жол менен күйдүрүү үчүн акча каражатынан жардам берүүнү сураган, Манас көчөсүнүн тургуну С.Сарикованын кызы Сарикова Севарахонга дарылануу үчүн акча каражатынан жардам берүүнү сураган, Кызыл-Туу айылынын тургуну К.Балтабаеванын кант диабети менен оорууганы үчүн дарылануу үчүн акчалай жардам сураган, К.Султанов көчөсүнүн Хамдамов Камалдин үйүнүн артынан түшкөн жол үйүнө залакасын тийгизип жаткан жана үйүн калыбына келтирүү үчүн акчалай жардам сураган, Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде К.Нурбаев көчөсүнүн тургуну Хсариев Тиркешбайдын үйүн калыбына келтирүү үчүн акчалай жардам сураган арыздары боюнча угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын тургундарынын арыздары жана алардын жашоо шарттары эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн тургундары Абдурахимова Турсунайга үйүнүн чатырын жабуу үчүн 10, 000 (он миң) сом. Кырбашова Гүльмиранын жолдошу Кырбашов Абдугапарды дарылатуу үчүн 15, 000 ( он беш миң) сом. Кожоев Мамашариптин уулу Аскаров Азаматты дарылатуу үчүн 15, 000 ( он беш миң) сом. Сарикова Салимахандын кызы Сарикова Севараханды дарылатуу үчүн 15, 000 ( он беш миң) сом. Балтабаева Караматка дарылануу үчүн 20, 000 (жыйырма миң) сом.Хамдамов Камалдинге үйүн калыбына келтирүү үчүн 5, 000 ( беш миң) сом. Хсариев Тиркешбайга үйүнүн айланасын тосуу үчүн 20, 000 (жыйырма миң) сом. акча каражаты Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |