Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 3
Богот айылынын тургуну А.Орозматовдун арызын кароо жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы А.Нурунбетовдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы А.Нурунбетовдун сунушу жана Богот айылынын тургуну А.Орозматовдун арызы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген Жайыт ресуртарын мал жаюу менен байланышпаган башка максатарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнундө типтүү жобонун 4, 6-пт негизинде Масы айыл өкмөтүнүн Богот айылынын тургуну Орозматов Адилетке Богот айылындагы №464 контурдан 0,60 га жайыт жер аянты 5 жылга арендага капиталдык курулма курууга акысыз, жер кыртышын бузбоо шарты менен берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |