Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 4
Материалдык жардам сурап арыз жазгандар жөнүндө
Масы айылдык кеңешинин депутаты Саримсаков Азиздин материалдык жардам сурагандарга баарына бирдей суммада акча каражаттын бөлүп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин депутаты Саримсаков Азиздин сунушу эске алынсын.
2. 2019-жылдан баштап Масы айылдык кеңеши Масы айыл өкмөтүнүн тургундарынын материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө арыздарын кароодо баарына бирдей 10, 000 (он миң) сомдон жардам көрсөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |