Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 1
Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөрү жана IV кварталга коюлган милдеттери жөнүндө
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана IV кварталга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана IV кварталга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдын 9 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана IV кварталга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевке тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |