Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 1
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Масы айылынын жогорку зоонасынын айыл башчысы П.Муртазаевдин арызын негизинде көп жылдардан бери эмгек акы албай иштеп келгенин эске алып, алардын ишине дем берүү максатында жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун 2018-жылдын 18-декабрдагы №01-35/898 аксакалдар сотунун курамына көп жылдардан бери эмгек акы албай иштеп келгенин эске алып, алардын ишине дем берүү максатында материалдык колдоо көрсөтүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын жогорку зоонасынын айыл башчысы П.Муртазаевдин арызын жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун 2018-жылдын 18-декабрдагы №01-35/898 сунушу эске алынсын.
2. Масы айылынын жогорку зоонасынын айыл башчысы П.Муртазаев, Масы айылынын ылдыйкы зоонасынын айыл башчыс М.Хурбаевге 10,000 (он миң) сомдон жана Масы айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун курамына 10,000 (он миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловко жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |