Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 2
Масы айыл өкмөтүнүн Сай-Маала участкасынын тургуну Оморалиев Султандын арызын кароо жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн Сай-Маала участкасынын тургуну Оморалиев Султандын бөйрөгүнө операция жасатуу боюнча арызын угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн Сай-Маала участкасынын тургуну Оморалиев Султан арызы эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн Сай-Маала участкасынын тургуну Оморалиев Султанга арызынын негизинде бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн 30,000 (отуз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |