Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 3
Масы айыл өкмөтүнүн Богот айылынын күн чыгыш тарабына Кыргыз Республикасынын Президентинин атындагы көчө ысымын ыйгаруу жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн Богот айылынын тургундарынын чогулушунун протоколун жана айылдык кеңештин депутаты Э.Магаматкуловдун Богот айылынын күн чыгыш тарабына Кыргыз Республикасынын Президентинин атындагы көчө ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн Богот айылынын тургундарынын чогулушунун протоколу жана айылдык кеңештин депутаты Э.Магаматкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн Богот айылынын күн чыгыш тарабы Сатвалдиев Камолдиндин үйүнөн сол тарабы Исмаилова Разиякандын үйүнө чейин оң тарабы Кушбакова Азадакандын үйүнө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин атындагы көчө ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо ошол көчөнүн жашоочуларына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |