Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 4
Мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесин ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 9-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.11.2012-ж “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндөгү типтүү Жобого” ылайык Масы айылындагы жашаган элдин суроо-талаптарын аткарууга алуу менен Масы айыл аймагынын Масы айылындагы М.Кочкоров көчөсүндөгү “Ас Салам” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган имаратына мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесин ачуу боюнча күн тартибиндеги маселени угуп жана талккулап Масы айылдык Кеңшинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылында жашаган элдин суроо-талаптарын аткарууга алуу менен мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесине муктаждыгы эске алынсын.
2. Масы айылынын М.Кочкорв көчөсүнө “Ас Салам” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган имаратына 85 орундуу мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемеси ачылсын.
3. Масы айылында 85 орундуу бала бакчасын ачуу жана анын иштөөсү үчүн тамак-ашын, жумшак жана катуу инвентарларын, көмүр-отун, электр энергиясы жана башка чыгымдарына кетүүчү акча каражатын карап чыгып бөлдүрүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесине штат бирдигин ачуу, кадрлар менен камсыз кылуу жана методикалык, педагогикалык жардам көрсөтүү жагы Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдуулук, укук тартиби регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |