Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы № 2
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджеттинин чыгашаларын эфективдүү пайдалангандыгын жана арендага берилген муниципалдык менчик жерлерин мыйзамдуулугун текшерүү максатында Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджеттинин чыгашаларын эфективдүү пайдалангандыгын текшерүү үчүн төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1) А.Курбаналиев-Масы айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2) К.Макеев-Масы айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
3) Т.Абдукаримов- Коррупцияга каршы элдик палатанын төрагасы , комиссиянын мүчөсү.
4) З.Сатаров - Масы айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
5) Э.Магаматкулов- Масы айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
2. Иликтөө иштерин жүргүзүп, комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгаруу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |