Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы № 4
Масы айылынын Токтогул көчөсүндөгү «Рахат» мечитине Тажидин Мамараимов ысымын ыйгаруу жөнүндө
Масы айылынын Токтогул көчөсүнүн тургундарынын арызынын негизинде Улуу ата мекендик согуштун ардагери Тажидин Мамараимовдун мечиттин курулушуна кошкон салымын эске алып күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын Токтогул көчөсүнүн тургундарынын арызы эске алынсын.
2. Масы айылындагы Токтогул көчөсүндөгү «Рахат» мечитине Тажидин Мамараимовдун ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Мечиттин аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Тажидин Мамараимовдун үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Назаровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |