Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы № 5
Акча каражаттын бөлүп берүү жөнүндө
Ноокен райондук агроөнөр жай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасынын 2019-жылдын 31-январындагы №02 «Достук» балдар эс алуу борборунун оңдоо түзөө иштерине спонсордук жардам катары 7000(жети миң) сом сураган кайрылусун, күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук агроөнөр жай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасынын 2019-жылдын 31-январындагы №02 кайрылуусун эске алынсын.
2. «Достук» балдар эс алуу борборунун оңдоо-түзөө иштерине 7000 (жети миң) сом акча каражаты Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |