Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 1
Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдагы көрсөткүчтөрү жана 2019-жылга коюлган милдеттери жөнүндө
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сулаймановдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2019-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Сулаймановдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2019-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2019-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевке тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |