Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 2
Масы айылынын борбордук зонасынын айыл башчыларына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Масы айылындагы борбордук зонадагы айыл башчылар көп жылдардан бери эмгек акы албай иштеп келгенин эске алып, алардын ишине дем берүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылындагы борбордук зонадагы айыл башчылар П.Муртазаев, М.Хурбаевдерге ар бирине бир жылга 15000 (он беш миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы К.Калматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |