Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 4
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу участкасынын тургуну А.Ормоновдун бөйрөгүнө операция жасатуу боюнча арызын угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу участкасынын тургуну Ормонов Алтынбектин арызы эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу участкасынын тургуну Ормонов Алтынбекке арызынын негизинде бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн 10,000 (он миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |