Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 3
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Масы айылынын Р.Шерматов көчөсүнүн тургуну Жакбаров Момунжан бөйрөгүндө таш пайда болуп ооруп жаткандыктан ташты алдыруу үчүн операция жасатуугу үй бүлөлүк абалын эске алуу менен акча каражатынан жардам берүүнү сураган, Р.Шерматов көчөсүнүн тургуну Шабданов Ибрагимжан көзү жакшы көрбөй калгандыктан операция жасатуу үчүн үй бүлөлүк абалын эске алуу менен акча каражатынан жардам берүүнү сураган, Ж.Эсенбаев көчөсүнүн тургуну Юсупов Нуржан кызы Мусакулова Айжан акчалай жардам сураган, Масы айылынын тургуну Абдуллажанова Сахибахан Москва шаарына барып дарыланып келүү үчүн акчалай жардам сураган, Кызыл-Октябрь көчөсүнүн тургуну Умурзакова Эркинай сарайым өртөнүп кетти өзүм жалгыз жашайм мага сарайымды калыбына келтирүү үчүн материалдык жардам көрсөтүүнү сураган, Масы айылынын тургуну Абдураимова Умидахан 1-топтогу майып дарылануу үчүн акча каражат бөлүп берүүнү сураган, Масы айылынын тургуну Тороканова Турдукан дарылануу үчүн акча каражат бөлүп берүүнүү сураган арыздары боюнча угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын тургундарынын арыздары жана алардын жашоо шарттары эске алынсын.
2. Масы айылынын Р.Шерматов көчөсүнүн тургуну Жакбаров Момунжан бөйрөгүндө таш пайда болуп ооруп жаткандыктан ташты алдыруу үчүн 10 000 (он миң) сом, Р.Шерматов көчөсүнүн тургуну Шабданов Ибрагимжан көзү жакшы көрбөй калгандыктан операция жасатуу үчүн 10 000 (он миң) сом, Ж.Эсенбаев көчөсүнүн тургуну Юсупов Нуржан кызы Мусакулова Айжанды операция жасатуу үчүн 10 000 (он миң) сом, Масы айылынын тургуну Абдуллажанова Сахибахан Москва шаарына барып дарыланып келүү үчүн 10 000 (он миң) сом, Кызыл-Октябрь көчөсүнүн тургуну Умурзакова Эркинай сарайым өртөнүп кетти өзүм жалгыз жашайм мага сарайымды калыбына келтирүү үчүн 10 000 (он миң) сом, Масы айылынын тургуну Абдураимова Умидахан 1-топтогу майып дарылануу үчүн 10 000 (он миң) сом, Масы айылынын тургуну Тороканова Турдукан дарылануу үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |