Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 5
Масы айыл аймагынын иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Жер Фондусунун инвентаризациялоонун жөнүндөгү» № 144 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин «Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо» институтуна караштуу Жалал- Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгын кароо боюнча күн тартибиндеги түрүдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Жер Фондусунун инвентаризациялоонун жөнүндөгү» №144 токтомунун негизинде, Жалал- Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Масы айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.
2. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Масы айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |