Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 6
Масы айылынын У.Карабаев көчөсүнүн жана Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Масы айылынынУ.Карабаев көчөсүнүн тургундарынын биз жашаган көчөдөгү көрүстүндүн айланасын тосуу үчүн материал алуу үчүн жардам сураган, Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын сайдан өтүүчү көпүрө курууга материал алып берүүнү сураган арызын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын У.Карабаев көчөсүнүн жана Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын У.Карабаев көчөсүнүн тургундарынын биз жашаган көчөдөгү көрүстүндүн айланасын тосууга материал алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом, Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын сайдан өтүүчү көпүрө курууга материал алуу үчүн 15 000 ( он беш миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Калматовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |