Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 2
Ноокен районунун Масы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылына 50-орундуу балдар бакчасын капиталдык курулушу жөнүндө долбоорун кароо жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын тургундарынын кайрылууларын эске алып күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кызыл-Туу айылына 50-орундуу балдар бакчасын капиталдык курулуш долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруу максатында Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 1000000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |