Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 6
Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну Д.Калдаровдун арызы кароо жөнүндө
Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну Д.Калдаровдун Ноокен райондук тарыхый-этнографиялык А.Кулумбетов атындагы музейге буюм-тайымдарды жана Кунназар баатырдын эстелигин куруу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук тарыхый-этнографиялык А.Кулумбетов атындагы музейге буюм-тайымдарды жана Кунназар баатырдын эстелигин куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Эстелик музейдеги башка эстеликтер менен бирде өлчөмдө курулсун.
3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жагы арыз ээси Д.Калдаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |