Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 7
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин директору Э.К.Абдурахмановдун 2019-жылдын 13-майындыгы №42 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин директору Э.К.Абдурахмановдун 2019-жылдын 13-майындыгы №42 сандуу өтүнүч каты эске алынсын.
2. Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин 2019-жылдын 19-22-май күндөрү Бишкек шаарында аң-сезиминде жана дене түзүлүшүнүндө кемчилиги бар балдар тарбиялануучулары арасында уюштурулуп жаткан спортун футбол түрү боюнча Республикалык спартакиадага катышып келүү үчүн сапар чыгымдарына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 5 000( беш миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы К.Калматовко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |