Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 8
Ноокен районунун аймактык ооруканасына калыбына келтирүү борборун куруу жөнүндө
Ноокен райондук аймактык ооруканасынын калыбына келтирүү борборун куруу боюнча долбоорун угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук аймактык ооруканасынын калыбына келтирүү борборун куруу боюнча долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |