Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы № 9
Кызыл-Туу айылынын тургуну А.Манаповдун ижарага алган жери жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-майындагы №01-35/466 сандуу Кызыл-Туу айылынын тургуну А.Манаповдун айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин арендага алган 29 гектар жер аянтынын 11 гектарынын аренда акысынан бошотуу жөнүндөгү катын угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын тургуну А.Манаповдун айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин арендага алган 29 гектар жер аянтынын 9 гектарына суу жетпей, камыш басып эгин эгүүгө болбой калганына байланыштуу аренда акысынан калган 20 гектар жер аянтынын аренда акысын төлөгөндөн кийин төлөөдөн бошотулсун.
2. Кызыл-Туу айылынын тургуну А.Манапов аренда акысынан бошотулган 9 гектар жер аянтынын социалдык фонд, салык төлөмдөрүн төлөсүн.
3. Кызыл-Туу айылынын тургуну А.Манапов аренда акысынан бошотулган 9 гектар жер аянты бош жатканына байланыштуу бак кылып пайлануу үчүн айыл тургундарына арендага берүү жагы каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |