Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 1
2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү
Масы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы Масы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Калматовтун айыл өкмөттүн 2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору боюнча маалыматын угуп талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Калматовтун айыл өкмөттүн 2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнун 2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жактырылсын.
3. Масы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020- жылга карата болжолдуу долбоору 39919,6 (отуз тогуз миллион тогуз жүз он тогуз миң алты жүз) сомго, 2021- жылга карата болжолдуу долбоору 41730,0 (кырк бир миллион жети жүз отуз миң) сом бекитилсин.
4. 2020-2021-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкретүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулоо менен кабыл алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго, финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Калматовго милдетендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |