Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 2
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Масы айылынын тургундарынын суроо талаптарын эске алып көчөлөргө шагыл төшөөгө акча каражатын бөлүп берүүнү угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын тургундарынын суроо талаптарын эске алып көчөлөргө шагыл төшөө үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты кошумча бөлүп берилсин.
2. Көчөлөргө шагыл төшөө үчүн кошумча бөлүнгөн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бюджеттен асфальт төшөө үчүн бөлүнгөн акча каражатынан каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |