Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 3
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Масы балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси жана машыктыруучусу С.Туркматовдун тарбиялануучусу Акматкулов Бектур Кара-Суу районунда болуп өткөн эл аралык турнирде эркин күрөш боюнча 2-орунду ээлегендигин эске алып материалдык колдоо көрсөтүү боюнча угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Акматкулов Бектур Кара-Суу районунда болуп өткөн эл аралык турнирде эркин күрөш боюнча 2-орунду ээлегендигин эске алып материалдык колдоо көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинен 5 000 (беш миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы К.Калматовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |