Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 4
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Богот айылынын тургун Макамбаева Зыйнат 2-топтогу майыпмын операция жасатуу үчүн материалдык жардам сураган, Масы айылынын тургуну Осмонкулова Гулнара 1-топтогу майыпмын дарылануу үчүн акчалай жардам сураган арыздары боюнча угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын тургундарынын арыздары жана алардын жашоо шарттары эске алынсын.
2. Богот айылынын тургун Макамбаева Зыйнатка операция жасатуу үчүн 10 000 (он миң) сом, Масы айылынын тургуну Осмонкулова Гулнарага дарылануу үчүн 5 000 (беш миң) сом акча каражаты Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |