Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 6
Масы айылынын Барпы көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Масы айылынын Барпы көчөсүнүн тургундарынын арызын карап Барпы көчөсүндө курулуп жаткан намазкананын жанында орнотулган электр мамычасынын ордун алмаштыруу боюнча күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын Барпы көчөсүнүн тургундарынын арызы эске алынсын.
2. Барпы көчөсүндө курулуп жаткан намазкананын жанында орнотулган электр мамычасын ордунан жылдырып жанындагы жалпы пайдалануудагы жер аянтына орнотуу үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Жер аянтын ажыратып берүү жана иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |