Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 7
Масы айылынын тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Масы айылынын К.Мадгазиев көчөсүнүн тургундарынын арыктардан суу ашып жатканына байланыштуу JCB.3DX техникасы менен арыкты тазалап берүү боюнча арызын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын К.Мадгазиев көчөсүнүн тургундарынын арызы эске алынсын.
2. Арызда көрсөтүлгөн К.Мадгазиев көчөсүндө жайгашкан 300 метр аралыктагы арык JCB.3DX техникасы менен арыкты тазалап берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |