Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 9
Масы айылынын П.Мирхакимов көчөсүнүн тургуну Алмазбек кызы Элинанын арызын кароо жөнүндө
Масы айылынын П.Мирхакимов көчөсүнүн тургуну Алмазбек кызы Элина атасы жок апасы каза болуп сиңдиси менен тай энесинин колунда калганына жашоо шарты оор болуп жатканына байланыштуу материалдык жардам сураган арызы боюнча угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын П.Мирхакимов көчөсүнүн тургуну Алмазбек кызы Элинанын арызы жана жашоо шарты эске алынсын.
2. Масы айылынын П.Мирхакимов көчөсүнүн тургуну Алмазбек кызы Элина атасы жок апасы каза болуп сиңдиси менен тай энесинин колунда калганынын эске алып материалдык жардам көрсөтүү үчүн 10 000 ( он миң) сом акча каражаты Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |