Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 10
Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин арызын кароо жөнүндө жөнүндө
Масы айыл аймагынын Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин эл аралык эрежесиз эр уруш боюнча RFCH -6 турнеринде жеңишке жетип келгенин эске алып кийинки мелдештерге даярдануусуна материалдык колдоо көрсөтүү боюнча жазган арызын, күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин арызы эске алынсын.
2. Масы айыл аймагынын Беш-Жыгач айылынын тургуну Махаматалиев Исабектин эл аралык эрежесиз эр уруш боюнча RFCH -6 турнеринде жеңишке жетип келгенин эске алып кийинки мелдештерге даярдануусуна материалдык колдоо көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн 10 000 ( он миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |