Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 11
Масы айылдык кеңешинин депутаты Акматбек уулу Тимурландын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1-2-пункту жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесине ылайык Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акматбек уулу Тимурлан жумушу боюнча райондун аймагынан сыртка чыгып кеткендигине байланыштуу арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |