МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 02-июлу № 13
Мүлктү муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылын 15-мартындагы №37 сандуу “мүлккө муницпалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин негизинде айылдык кеңештин депутаты С.Оморалиевтин сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апыртан айылынын Ж.Эшенкулов көчөсүндө курулган намазкананы, 514 м2 жер тилкеси менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана Районду жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укутарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |