Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 сандуу токтомуна ылайык Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө КР Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлерин жер участокторун бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сулаймановтун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 сандуу токтомунун негизинде Масы айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча комиссиясынын токтомдоруна ылайык 1,31 га жер аянты жолдору ичинде сугат айдоо жерлеринин категориясынан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап райондук комиссияга тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Нарматов |