Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-августу № 1
Көк бөрү ат майданынын долбоорун аяктоо жөнүндө
2017-жылы курулушу башталган Көк бөрү ат майданынын долбоорун аяктоо жөнүндө подрядчынын 10 күндүк мөөнөт берүү боюнча суранычын угуп талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк бөрү ат майданынын куруу долбоору боюнча жумушту аяктап тийиштүү иш кагаздарын тапшыруу үчүн подрядчыга 10 календардык күн мөөнөт берилсин.
2. Подрядчы 10 келендардык күндүн ичинде жумушту аяктап тийтиштүү иш кагаздарын тапшырбаса жумушту өз убагында аткарбагандыгы үчүн укук коргоо органдарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент, дин, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |