Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-августу № 3
Масы айыл өкмөтүнө келечекте жаш адистерди тартуу жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын жаш адистерди жумушка алуу жана студенттерди финансылык колдоо боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кытай Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы технологиялык университетинде экономика багытында 2-курста окуп жаткан Масы айыл өкмөтүнүн тургуну Нарматов Алманбет Эгембердиевичтин ушул окуу жайына төлөнүүчү окуу акысынын 50% Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 3 (үч) жыл төлөнүп берилсин.
2. Масы айылынын тургуну студент Нарматов Алманбет Эгембердиевич менен Масы айыл өкмөтүнүн ортосунда келишип түзүлүп студент окууну бүткөндөн кийин Масы айыл өкмөтүнөиштеп берүүсү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө Масы айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |