Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 1
Масы айыл аймагындагы жайгашкан № 45 «Беш-Жыгач» негизги мектебине маркум Суяров Махаматали Акматалиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси маркум Суяров Махаматали Акматалиевичтин ысымын Масы айылында жайгашкан № 45 «Беш-Жыгач» негизги орто мектебине ыйгаруу боюнча
Беш-Жыгач айылынын тургундарынын 2019-жылдын 28-августундагы чогулушунун токтомунун жана № 45 «Беш-Жыгач» негизги орто мектебинин эмгек жамаатынын чогулушунун протоколунун негизинде Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Сатаровдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Жыгач айылынын тургундарынын 2019-жылдын 28-августундагы чогулушунун токтому жана №45 «Беш-Жыгач» негизги орто мектебинин эмгек жамаатынын чогулушунун протоколу эске алынсын.
2. Масы айылында жайгашкан № 45 «Беш-Жыгач» негизги орто мектебине маркум Суяров Махаматали Акматалиевичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган соң, Билим берүү Министрлигинен мектепке тиешелүү иш кагаздарга (тегерек мөөр, штамп) өзгөртүү киргизүү боюнча макулдук алуу Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Назаровго жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |