Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 2
Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
05.07.2002-жылдагы Кыргыз Республикасынын аксакалдар соту жөнүндөгү №113-мыйзамынын 11-беренесинин негизинде жана аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы XIX сессиясынын № 2- токтому менен бекитилген Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы төмөнкү курамда 3 жылдык мөөнөткө бекитилсин.
1. Ажыматов Мавлянбек –аксакалдар сотунун төрагасы.
2. Аракулов Абдымалик- аксакалдар сотунун катчысы.
3. Максуталиева Аида- аксакалдар сотунун мүчөсү.
4. Абдыкадыров Алимбек- аксакалдар сотунун мүчөсү.
5. Балтабаев Халил- аксакалдар сотунун мүчөсү.
3. Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы XIX сессиясынын № 2- токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |