Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 3
Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө 26.01.2015-жылдын № 26-мыйзамынын 12-1- пунктуна ылайык жана Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы М.Ажиматовдун ооз эки кайырлуусун угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы М.Ажиматовдун ооз эки кайырлуусу эске алысын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамына 2018-2019-жыл үчүн 30.000 (отуз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |