Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 4
Богот айылынын тургуну Абдулахат Мирхакимовдун арызын кароо жөнүндө
Масы айыл аймагындагы Богот айылынын тургуну Абдулахат Мирхакимовдун, 2019-жылдын 24-августунда жашап жаткан үйү жана сарайы күйүп кеткен, натыйжада үй-бүлөөнүн жашоого керектүү буюмдары толугу менен күйүп кеткендиктен аны кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигинен, I топтогу майыптыгын эске алып материалдык жардам сурап жазган арызы боюнча талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Богот айылынын тургуну Абдулахат Мирхакимовдун жашап жаткан үйү жана сарайы күйүп кеткен жөнүндө арызы эске алынсын.
2. Богот айылынын тургуну А.Мирхакимовдун күйүп кеткен турак-жайын, сарайын калыбына келтирүү үчүн 10,000 (он миң) сом Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүлсүн.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Саттаровго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |