Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 5
Кызыл-Туу айылынын тургуну Суяров Бакытбектин жана Масы айылынын Н.Палван көчөсүнүн тургуну Сабирова Жанандын арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын тургуну Суяров Бакытбектин кызы Суярова Айсулуу бөйрөгү ооруп жаткандыгына байланыштуу операция жасатууга чоң суммадагы акча каражатына муктаж болуп жатканын эске алып материалдык жардам сурап жазган арызын, Масы айылынын Н.Палван көчөсүнүн тургуну Сабирова Жанандын күйөөсү жок жалгыз уулу жаш өзү эч жерде иштебегендигин эске алып материалдык жардам сурап жазган арызы боюнча угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын тургуну Суяров Бакытбектин жана Масы айылынын Н.Палван көчөсүнүн тургуну Сабирова Жанандын материалдык жардам сурап жазган арызы эске алынсын.
2. Кызыл-Туу айылынын тургуну Суяров Бакытбектин кызы Суярова Айсулуу бөйрөгү ооруп жаткандыгына байланыштуу 5,000 (беш миң) сом, Масы айылынын Н.Палван көчөсүнүн тургуну Сабирова Жанандын күйөөсү жок жалгыз уулу жаш өзү эч жерде иштебегендигин байланыштуу 5,000 (беш миң) сом Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүлсүн.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Саттаровго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |