Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-октябры № 1
Масы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Масы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 2019-жылдын 24-сентябрындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу жөнүндө Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору менен түзүлгөн Кызматташтык тууралуу Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын турмушка ашырууга берилүүчү 23 710 (жыйырма үч миң жети жүз он) сом дараметти жогорулатуу боюнча грантынын эсебинен Масы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 23 710 (жыйырма үч миң жети жүз он) сомго, чыгаша бөлүгү 23 710 (жыйырма үч миң жети жүз он) сомго өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун негизинде Масы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы К.Калматовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |